• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арага жакын айылдардан 8 кош бойлуу айым көчүрүлгөн. Алардын үчөө көз жарды

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдардан жалпы 8 кош бойлуу айым көчүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө үчөө көз жарды.

“Төртөө Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүндө, бирөө амбулатордук шартта көзөмөлдө турат. 2-майда Кызыл-Жол айылынын 32 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну көз жарып, эгиз наристелүү (кыз, бала) болду. Ошондой эле 1-майда Кара-Бак айылынын 31 жаштагы Г. кызы К. аттуу тургуну кыздуу болсо, Бужум айылынын 28 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну да кыздуу болгон. Эне жана балдардын абалы канааттандырарлык”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий