• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек араны атайылап бузган Кыргызстандык жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Казакстандын чек арачылары кыргызстандык жаранды кармашкан. Бул тууралуу коңшу республиканын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январь күнү саат 13:30да Тараз чек ара бөлүмүнүн “Сыпатай батыр” көзөмөл өткөрмө жайында атайын иттин жардамы менен кыргызстандык кыз кармалган.

“Кармоонун себеби - чек ара эрежелерин атайылап бузуу. Анткени соттун чечими менен бул айым Казакстандан чыгарылган. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий