• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча бүгүн Бишкекке Тажикстандын делегациясы келет

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча бүгүн, 21-январь күнү Бишкекке Тажикстандын делегациясы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорку кеңештин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга чек араны делимитация жана демаркация иштеринин алкагында тажик тарап менен болгон жерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

"21инде делегация Кыргызстанга Алматы аркылуу келет. Алар келгенде ишти баштайбыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, Баткенде айыл өкмөттөрүнүн, район башчыларынын деңгээлинде жолугушуулар болуп, жер алмашуунун жолдору белгиленген.

Разаковдун айтымында, Тажикстандын делегациясы менен болгон жолугууда маселе толук каралат.

"Биз бир пикирге келгенде, бардык тиешелүү документтерди чогултуп, жер алмашуу боюнча иштерди тездетебиз", - деди ал.

Эскерте кетсе, 9-январдан 10уна караган түнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан. Учурда абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий