• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына 135 миңден ашык адам катышууда

Коом 0

Бишкек, 01.10.09. /Кабар/. Бүгүнкү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи утушунда 11,7 млн лотереялык ID-билет менен 135 миң 432 адам катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лотереянын катышуучулары "Салык чек" тиркемеси аркылуу 11 млрд 970,4 млн сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.

Эскерте кетсек, учурда "Ала-Тоо 24" телеканалынын түз эфирынде лотереянын экинчи утушу өтүп жатат.

Түз эфирди Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында да көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий