• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы жаңы шарттар менен уланат

Экономика 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

"Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Катышуучулар ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылышы керек. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү шарт.

"Салык кызматы жарандарды лотереяга жигердүү катышууга чакырат. Бул ишкерлер тарабынан ККМди колдонуу боюнча коомдук контролду гана камсыз кылбастан, баалуу байгелердин ээси болууга да мүмкүндүк берет. Лотереяга катышуу – ар бир кыргызстандыктын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы. Чек талап кылып, байге утуп ал! Чек канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий