• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байгелерин ойнотууга бир айдан аз убакыт калды

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомство жарандарды лотереяга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат.

Лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар.

Лотереяга катышуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу керек:

– "Салык чек" тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүү. Буга чейин колдонгон болсоңуз, тиркемени жаңыртып алуу зарыл;

– товар же кызматтарды сатып алууда фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылуу;

– кассалык чектин QR-кодун тиркеме аркылуу сканерлөө керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө лотереяга 218 миң жаран катышууда. "Салык чек" тиркемеси аркылуу 3,9 млрд сом суммасындагы кассалык чектер сканерден өткөрүлүп, утуштарга катышуу үчүн 3,8 млн ашык ID-билеттер берилген.

Чек талап кылып, байге утуп ал! Чек канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий