• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чекене сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндүгү үчүн айып салынат - Тайлаков

Коом 0


Бишкек, 01.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чекене сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндүгү үчүн административдик айып салынат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымына караганда, Мамагенттик көмүргө болгон саясатты жөнгө салуу боюнча бир катар иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

«Аталган иш-аракетти биз эки баскыч менен өткөрүп жатабыз: биринчи – бааны бир деңгээлде коюу, экинчиси - ар дайым жүргүзүлө турган текшерүү баскычы. Кыргызстанда базарларды көмүр менен камсыз кылуу боюнча 140 компания иш алып барат, алардын 50сү ар дайым иштеп турат. Бул 50 компанияга көмүрдү сатууда бир баа коюлган жана алар аны буза алышпайт»,-деди Тайлаков.

Бүгүнкү күндө көмүрдүн тоннасына коюлган баалар төмөнкүдөй: - Чүй облусу боюнча 3800 сомдон 4000 сомго чейин, - Ысык-Көл облусу боюнча 4000 сомдон 6500 сомго чейин, - Талас облусу боюнча 4800 сомдон 5600 сомго чейин, - Нарын облусу боюнча 2100 сомдон 2250 сомго чейин, - Жалал-Абал облусу боюнча 4430 сомдон 5940 сомго чейин, - Баткен облусу боюнча 4500 сомдон 7000 сомго чейин, - Ош облусу боюнча 3200 сомдон 6000 сомго чейин. Тайлаков билдиргендей, баа көмүрдүн сапатына, алып баруудагы жана ар кандай салык чыгымдарын эске алуу менен коюлган.

Пикир

Оставить комментарий