• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чех университетинин доценти Петр Кокайсл Ошто студенттерге лекция окуду

Аймак 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайсл Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге лекция окуду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган лекцияда Петр Кокайсл өз тажырыйбасынын негизинде маданий антропология, этностук азчылыктар, коомдогу өзгөрүүлөр, география, дин, гуманитардык илимдердеги методология жана өзү изилдеген кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.

"Ошону менен бирге чех элинин тарыхы боюнча да кыскача токтолуп, кыргыз жана чех элдеринин окшоштуктары менен айырмачылыктарын айтып өттү. Лектор өз сөзүндө Кыргызстанга 2001-жылдан келип, кыргыз эли боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын жана бул боюнча бир нече илимий макалалары жарык көргөнүн баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Лекция суроо-жооп менен коштолуп анда студенттер кызыккан суроолоруна жоопторду ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий