• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чехия коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизди

Дүйнө 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Чех өкмөтү коронавирус учурлары рекорддук санда катталганына байланыштуу бир катар карантин чараларын киргизүүнү колдоду.

Премьер-министр Андрей Бабиш 21-октябрда өткөн маалымат жыйынында экинчи пландагы соода түйүндөрүнүн иши токтотуларын, жумуш, үй-бүлөлүк маселелер жана азык-түлүк сатып алуудан тышкары кишилердин көчөдө жүрүшүнө тыюу салынарын айтты. Бул чектөөлөр бери дегенде 3-ноябрга чейин күчүндө болот.

«Биз эң биринчи кезекте жарандардын өмүрүн сактап калышыбыз керек», – деди Бабиш.

20-октябрда Чехияда коронавирус инфекциясын жуктурган 11 984 учур катталган. Бул 10,7 миллион калкы бар өлкө үчүн эң жогорку суткалык көрсөткүч. Чехияда коронавирустан жалпысынан 1 739 киши көз жумган.

Саламаттык сактоо министри Роман Примула божомолдор боюнча илдеттин жайылуу көрсөткүчү 11-ноябрдан кийин туу чокусуна жетерин айткан.

Пикир

Оставить комментарий