• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чехия президенти ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетиши мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Чехия президенти Милош Земан ушул тапта ден соолугуна байланыштуу милдетин аткара албай жатат, анын ишине кайтуу ыктымалдуулугу өтө төмөн.

Мындай маалымат Борбордук аскер госпиталынан тароодо. Земан ал жерде бир аптадан ашык убакыттан бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул кабарды дүйшөмбүдө Чехия парламентинин жогорку палатасынын (Сенат) төрагасы - Милош Выстрчил да айтты. Анын пикиринде, президенттин милдетин өлкөнүн башка жетекчилерине өткөрүп берүүдөн берүүдөн башка жол жок.

Сенат төрагасы Чехия Конституциясына ылайык, кеп президентти кызматынын ажыратуу эмес, милдетин башка бирине убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатканын белгиледи.

Ошол эле маалда Земандын айланасындагылар президент оорусуна карабай иштей ала турганын айтышып, президенттин саясий атаандаштарын сындашууда. Бул арада көптөгөн саясатчылар Земандын жанындагылар оорулуу президентти пайдаланып жатышканын жана коомчулукка туура эмес маалымат таратылып жатканын билдиришүүдө.

Милош Земан бир айдан ашык убакыттан бери эл алдына чыга элек. Чехиянын президенти 10-октябрда ооруканага түшүп, реанимацияга жактырылган. Бул оппозиция көпчүлүк башкарууну алары дайын болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндүн эртеси болгон.

Буга чейин жергиликтүү медиа ишенимдүү булагына таянып, 77 жаштагы президенттин боорунда маселе бар экенин жазган.

Пикир

Оставить комментарий