• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чехияда өтүп жаткан акыл таймашында кыргызстандыктар 4 алтын медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чехияда өтүп жаткан дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадада кыргызстандык спортчулар 7 медалды багындырды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Пардубице шаарында өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан Австрия, Германия, Израил, Казакстан, Пакистан, Польша, Швейцария жана Чехиянын спортчулары катышууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курамасынын байге куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль бар.

Мелдештин "стандарт" дисциплинасы боюнча Анарбек Джамакеев биринчиликти багынтса, Айзада Бактыбекова экинчи орунга илинген.

Жаштар арасындагы Тогуз коргоол боюнча мелдеште Марлис Дуулатбеков казакстандык спортчуну утуп, турнирдин чемпиону аталды. Ал эми, овари турниринде 1-орунга Алтынай Шамбетова, 2-орунга Азиза Жамансартова, 3-орунга Айзада Бактыбекова илинди.

Мангала оюнунда Азиза Жамансартова да биринчиликти утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий