• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чехиянын өнөр жай министрлиги: «Liglass Trading» энергетикада бир нече долбоорду ишке ашырган

Экономика 0

Бишкек, 26-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлиги «Liglass Trading» компаниясы 2003-жылдан бери иштеп, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган. Бул тууралуу Чехиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Владимир Бэртлдин Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жылдыруу агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулуна жазган катында айтылат.

Катта белгиленген чех компаниясы энергетикалык кызматтар рыногунда 2003-жылдан бери иштеп келе жаткандыгы айтылат.

“Түзүлгөндөн тарта ал Чехияда жана чет өлкөлөрдө, алсак, Словакияда, Италияда, Румынияда, Улуу Британияда жана Сербияда. «Liglass Trading» компаниясынын кыргыз рыногунда ийгиликтүү келишимдерге мүмкүнчүлүгү бар. Бизге белгилүү болгондой, ал Кыргызстанда пландарын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн башка чех фирмаларын тартууга ниеттенүүдө”, -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Бэртл чех компаниясынын демилгелери жана аракеттери келечекте эки өлкөнүн өз ара соодасынын өсүшүн өбөлгөлөй турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, «Liglass Trading» чех компаниясы жана Кыргызстандын өкмөтү 10-июлда КРда бир нече ГЭСтердин, анын ичинде Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу тууралуу келишим түзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий