• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чехиянын соода министри: бири-бирибиз үчүн Европа жана Азия рынокторуна кирүү боюнча хаб болууга шарттар бар

Экономика 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Чехия аралык эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Марта Новакова өлкөлөр ортосундагы өнөр жай боюнча салттуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана аны улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бизде бири-бирибиз үчүн европа жана азия рынокторуна кирүү боюнча хаб болууга бардык шарттар бар", - деп кошумчалады ал.

Новакова белгилегендей, Кыргызстанда чет элдик инвестицияларды тартуу жана аны пайдалануу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, буга байланыштуу чех компаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар, анткени, акыркы мезгилде Чехияда жогорку квалификациядагы жумушчу күчү жетишсиз болууда.

Тараптар бардык актуалдуу багыттар боюнча өз-ара активдүү кызматташтыкты улантууга жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасын иштеп чыгууга даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий