• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чекирбаев: Президенттин кайрылуусунда экономикалык жактан алганда эң негизги маселелер камтылган

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, кайрылуу жасады. Мындан улам эксперттик коом тегерек столго чогулуп, президенттин кайрылуусун талкуулашты.

Алардын бири Уран Чекирбаев президенттин кайрылуусунда экономикалык жактан алганда эң негизги маселелер камтылганын белгилейт.

“Мен айтылган сөздөр менен макулмун. Кайрылуусунда айтылган сөздөрдүн бири – бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү болду. Көптөгөн ишкерлер экономиканын өсүшүнө мамлекет өзү тоскоолдук кыларын байкашкан. Президент өзүнүн кайрылуусунда мамлекеттин бизнеске аралашуусун кыскартуу керектигин билдирди”, - дейт ал.

Чекирбаев кээ бир компаниялар өздөрүнүн кирешесинин канча бир бөлүгүн жашырып келгенин айтат. “Бул салыктын жогору болгону менен түшүндүрүлөт. Мындан улам салык аз чогулуп жатат. Ошондой эле салык төлөөнү автоматташтыруу керек. Ишкерлер убактысынын көбүн салык төлөөгө жумшабашы зарыл”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий