• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Чек арасыз дарыгерлер” долбоору Баткен облусунда коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. “Чек арасыз дарыгерлер” долбоору Баткен облусунда коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынар Саттарова “чек арасыз дарыгерлер” долбоорунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда коронавирус илдети менен ооруган жеңил жана орто оорулууларды үйүнөн көзөмөлдөө долбоору Чүй жана Баткен облустарында ишке ашырыла тургандыгы тууралуу сөз болду.

Долбоорго Баткен облусунан пилоттук аймак катары Кадамжай району тандалып алынган. Бул демилгени ишке ашырууда эл аралык тажрыйбасы бар дарыгерлер жана атайын эксперттер тартылып, илдет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүлөөрү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий