• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Чекти талап кыл – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы старт алды. Оюнга катышып, Бишкектен батир утуп ал

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу акциясын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, кызыктыруучу лотерея жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жана көмүскө экономиканын өлчөмүн кыскартуу, ошондой эле ишкерлер арасында ак ниет атаандаштыкка дем берүү максатында уюштурулган.

"Лотерея сатып алынган товарлар, аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн накталай жана накталай эмес эсептешүү жолу менен акчалай эсептешүүдө кассалык чектерди милдеттүү түрдө берүүгө үйрөтүү менен ишкерлердин контролдук-кассалык тартипти камсыз кылуусуна багытталган.

Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМди пайдалануу мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнө таасирин тийгизет. Салык кызматы ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышын коомдук контролдоого жарандарды активдүү катышууга чакырат", - деди ал.

Кыдыргычов ошону менен бирге кызыктыруучу лотереяга катышуу менен кыргызстандыктар баалуу байгелердин ээси болууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.

"Чектер канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. iPhone, автоунаа жана башка баалуу сыйлыктар ойнотулат. Ал эми башкы байге - Бишкектен батир", - деди ал.

Кыдыргычов белгилегендей, лотереяга катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:

- "Салык чек" атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

- ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

- алынган кассалык чектин QR коддун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү.

"Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат. Лотереяга катышуу ар бир кыргызстандыктын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы. Чек талап кылып, байге утуп алыңыз!", - деди Кыдыргычов.

Пикир

Оставить комментарий