• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Челси” футбол боюнча Англиянын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Лондондук “Челси” футболчулары Англия чемпионатынын 37-турунун «Вест Бромвич Альбион» жолугушуусунда 2016-2017-сезондун жыйынтыгы боюнча мөөнөтүнөн мурда 1-орунга ээ болушту.

Жума күнү өткөн оюн 0:1 эсебинде лондондуктардын пайдасына аяктады. “Челсинин” курамында жалгыз топту 82-мүнөттө футболчу Миши Батшуайи киргизди.

“Аристоркаттар” 87 упай алып 36-матчтан соң экинчи келе жаткан «Тоттенхэм Хотспурдан» өтүштү.

Футбол боюнча Англия чемпионатынын бул оюнунда жеңүүчү “Челси” болду. Лондондуктар Англия чемпионатынын 1954/55, 2004/05, 2005/06, 2009/10 жана 2014/15 сезондорун утуп алышкан.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий