• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпионаттын жыйынтыктары, эң татыктуу оюнчулары жана ФИФА тандаган 10 голу (видео - 4 мин.)

Спорт 0

Бишкек, 16.07.18 /Кабар/. Футбол боюнча XXI-дүйнөлүк чемпионат Москва шаарында Франциянын курама командасынын жеңиши менен аяктады. Алар финалдык оюнда чемпионаттын "күтүлбөгөн" ийгилигине жеткен Хорватиянын командасын 4-2 эсебинде утуп алды. Москванын "Лужники" стадионуна келген 80 миң күйөрмандын 80 пайыздан ашыгы хорваттар болгону менен, француздардын оюнчулары оюнду толугу менен көзөмөлдөп, ийгиликке 20 жылдан бери биринчи жолу жетишти. Франция 1998-жылы өзүлөрү өткөргөн чемпионатта финалдык оюнда Бразилия командасын 3-0 эсеби менен утуп, алгачкы жолу чемпион наамына татыган. Ал чемпионаттын артыкчылыгы - чемпионатта алгачкы жолу 32 команда катыша баштаган. Ага чейин бир чемпионатка катышууга укукту болгону 24 команда гана ээ болуп келген.

Россиядагы чемпионатта баш-аягы болуп 32 команда катышып, алар 64 оюнду өткөрүштү. Арасынан Франция, Хорватия, Бельгия жана Англия курамалары 7 оюндан ойношуп, үчөө медалдуу орундарга чыгышты. Коло медалды Англияны 2-0 эсеби менен уткан Бельгия курамасы утуп алды. Мындай ийгиликке бельгиялыктар буга чейин жетише элек болчу. Баш-аягы болуп чемпионатта 169 гол киргизилди. Орточо алганда ар-бир оюнда 2,6 голдон киргизилген. Эскертүүнү билдирген сары карточка 219 жолу көргөзүлүп, дагы 4 жолу оюндан четтеткен кызыл карточкалар көргөзүлгөн. Командалардын арасынан эң көп гол киргизген команда болуп Бельгия 16 топ менен биринчи чыкты. Эң көп жолу гол киргизген Англиянын чабуулчусу Кейн болду - 6 топ.

Россияда өткөн чемпионат дүйнөлүк футбол көрүүчүлөрүнүн арасында эң жакшы деп бааланып, аны ФИФАнын азыркы президенти Инфантино өз сөзүндө дагы бир жолу тастыктады.

Россиянын курамасы бул чемпионатта алгачкы жолу тайпалык оюндардан 6 упай менен 1/8 финалга чыгып, анда Испаниянын командасы менен тең (1-1) чыккан соң, 11 метрлик пеналти боюнча (4-3) 1/4 финалына чыкты. Анда Хорватия командасы менен беттешип, дагы тең (2-2) чыгып, 11 метрлик пеналтиден (4-3) утулуп калса да, алгачкы жолу дүйнөнүн алдынкы делген 8 курама командасынын арасына кошулду. Чемпионатка чейин ФИФАнын рейтинги боюнча Россия 70-орунда келаткан.

ФИФА чемпионат боюнча толук кандуу статистика гана жүргүзбөстөн, оюндун жүрүштөрү боюнча үзгүлтүксүз видеомаалыматтарды да чыгарып турду. Чемпионат аяктаар замат ФИФА турнирде эң татыктуу делген 10 голдун видеосун да тартуулады. Аны төмөнкү шилтеме менен көрсө болот:

https://www.youtube.com/watch?v=ILOFwBBcGv4

Чемпионаттын жыйынтыгы:

1.Франция

2.Хорватия

3.Бельгия

4.Англия

5-8. Россия, Швеция, Бразилия, Уругвай

Чемпионаттын эң мыкты оюнчусу болуп хорват Лука Модрич, эң жаш жеңүүчү футболист болуп Киен Мбаппе, финалдык оюндун мыкты оюнчусу болуп француз Антони Гризман аталышты.

Пикир

Оставить комментарий