• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондо лигасы 1-тур: "Реал" артта, мурунку чемпион "Ливерпуль" жеңилди

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Чемпиондо лигасынын 1-туру жыйынтыкталды. 32 команданын 16 беттешине күбө болдук. Аталган беттештердин кызыктуу учурларына токтолсок.

18-сентябрда Чемпиондор лигасынын мурунку чемпиону англиялык "Ливерпуль" командасы италиялык "Наполи" клубуна 2:0 эсебинде утулуп калды. Беттеш "Сан-Паоло" стадионунда өттү. Оюндун 82-мүнөтүндө "Наполинин" оюнчусу Дрис Мертенс айып соккусун тээп, эсепти ачты. Ал эми, 92-мүнөтүндө кайрадан италиялык клубдун оюнчусу Фернандо Льоренте гол киргизди.

Ошол эле күнү, "Барселона" клубу "Боруссия" менен оюн өткөрдү. Эки команда канчалык аракет кылса дагы эсеп ачылган жок. Эң кызыгы F тайпасында орун алган командалардын баары 1 упайдан алды. Анткени, эки беттеште 4 команда каршылашынын дарбазасына гол киргизе алган эмес.

Кийинки кызыктуу беттештин бири мадриддик "Реал" менен "ПСЖ" командасынын ортосунда болду. 19-сентябрда болгон оюнда франциялык клуб ири эсепте Испаниянын командасын артта калтырды.

Оюн башталбай жатып, тактап айтканда, 14-мүнөтүндө франциялык команданын чабуулчусу Ди Мария эсепти ачты. 33-мүнөтүндө кайрадан Ди Мария Гейенин чыгарган тобун каршылашынын дарбазасына киргизип, эсепти 2:0гө айлантты.

2-бөлүктүн кошулуп берилген убактысында, 91-мүнөтүндө "ПСЖ" командасынын коргоочусу Томас Менье жыйынтыктоочу голду киргизди. Эсеп 3:0.

А тайпасында орун алган бул эки команда сап башына чыгышы керек эле. Бирок, "Брюгге" менен "Галатасарай" командаларынын оюну тең чыккандыктан "Реал" клубу саптын аягында орун алды.

D тайпасында орун алган эки мыкты команданын беттеши бүгүн, 19-сентябрда болуп өттү. Анда "Ювентус" клубу "Атлетико" менен оюн өткөрүп, эсеп 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

"Ванда Метрополитано" стадионунда болгон беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы голду оюндун 48-мүнөтүндө "Ювентустун" оюнчусу Хуан Куадрадо киргизди. Көп өтпөй, 65-мүнөтүндө Сандронун чыгарып берген тобун Матюиди гол киргизип, эсепти 2:0гө өзгөрттү.

5-мүнөттөн кийин испаниялык клубдун коргоочусу Стефан Савич "Атлетико" командасына 1 гол алып келди. Оюндун аягында, 90-мүнөтүндө кайрадан мадриддик команданын жарым коргоочусу Эктор Эррера гол киргизип, эсепти 2:2ге айлантты.

Чемпиондор лигасынын 1-турунун жыйынтыгы:

"Интер" – "Славия" – 1:1

"Лион" – "Зенит" – 1:1

"Челси" – "Валенсия" – 0:1

"Ред Булл" – "Генк" – 6:2

"Наполи" – "Ливерпуль" – 2:0

"Аякс" – "Лилль" – 3:0

"Бенфика" – "Лейпциг" – 1:2

"Боруссия" – "Барселона" – 0:0

"Брюгге" – "Галатасарай" – 0:0

"Олимпиакос" – "Тоттенхэм" – 2:2

"Байер" – "Локомотив" – 1:2

"ПСЖ" – "Реал Мадрид" – 3:0

"Бавария" – "Црвена Звезда" – 3:0

"Атлетико" – "Ювентус" – 2:2

"Шахтер Донецк" – "Манчестер Сити" – 0:3

"Динамо Загреб" – Аталанта" – 4:0

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2-туру 1-октябрь күнү башталат.

Пикир

Оставить комментарий