• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чемпиондор! Айсулуу Тыныбекова Акжол, Жоламан жана Амантурду куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудовду, Жоламан Шаршенбековду жана коло медаль тагынган Амантур Исмаиловду куттуктады.

"Чемпиондор! Акжол, Жоламан жана Амантур силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мен, биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам.

Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы, эки жолу жеңишти камсыздап, үчүнчүсүндө алдырып жибердим.

Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок, андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым.

Анткени, бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим. Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм!", - деп Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-сентябрда Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Ошондой эле дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.

Чемпионатка кыргыз балбандары төмөнкү курамда катышты:

1. Жоламан Шаршенбеков, 60кг;
2. Тынар Шаршенбеков, 63кг;
3. Амантур Исмаилов, 67кг;
4. Акжол Махмудов, 77кг;
5. Атабек Азисбеков, 87кг;
6. Бексултан Махмудов, 97 кг.

Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу;
Мейрамбек Ахметов — машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий