• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чемпиондор лигасы: "Атлетико Мадрид" – "Ювентус", "Шальке" – "Манчестер Сити" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Бүгүн футбол боюнча УЕФА чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары уланат.

Бүгүн боло турган беттеште испаниялык "Атлетико Мадрид" италиялык "Ювентус" клубун кабыл алат.

Ал эми германиялык "Шальке-04" англиялык "Манчестер Сити" менен ойнойт.

Жооптук оюндар 12-март күнү өткөрүлүп, анда 1/4 финалына чыккан командалар аныкталат.

Эки оюн тең Кыргызстандын убактысы менен түнкү саат 2:00 башталат.

Эске салсак, кечээ эки беттеш өтүп, "Ливерпуль" менен "Бавария" 0:0 эсебинде тең чыкса, "Лион" менен "Барселона" дагы 0:0 эсебинде ойношту.

Пикир

Оставить комментарий