• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чемпиондор лигасы: "Ювентус" 2:1 эсебинде "Локомотив" командасын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 3-турунда туриндик "Ювентус" клубу "Локомотив" командасын өз талаасында кабыл алды.

Оюн 2:1 эсебинде италиялык клубдун пайдасына чечилди. Алгачкы голду "Локомотив" командасынын оюнчусу Алексей Миранчук оюндун 30-мүнөтүндө киргизди. Пауло Дибала беттештин 77 жана 79-мүнөтүндө каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Эки команда D тайпасында орун алган. "Ювентус" клубу 7 упай менен биринчи орунда турса, "Локомотив" командасы 3 упай менен үчүнчү сапка жайгашкан.

Ошондой эле "Бавария" менен "Олимпиакос" (3:2), "ПСЖ" менен "Брюгге" (5:0), "Тоттенхэм" менен "Црвена Звезда" (5:0) клубдары оюн өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий