• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Ювентус" клубу "Байерди" 3:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын экинчи турунун алкагында "Ювентус" клубу "Байер" командасын өз талаасында кабыл алды.

Оюндун 17-мүнөтүндө туриндиктердин чабуулчусу Гонсало Игуаин каршылашынын коргоочуларын алдап туруп, тепкен тобу голго айланды.

Беттештин 2-бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө кайрадан "Ювентустун" оюнчусу Бернардески эсепти 2:0гө өзгөрттү. Ал эми 88-мүнөтүндө Дибаланын чыгарып берген тобун Роналду голго айлантты.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын биринчи турунда "Ювентус" командасы "Атлетико" менен оюн өткөрүп, 2:2 эсебинде тең чыккан.

Пикир

Оставить комментарий