• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чемпиондор лигасы: "Ювентус" клубу "Лион" командасына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Ювентус" менен "Лион" командалары оюн өткөрдү.

"Люмьер" стадионунда өткөн оюн 1:0 эсебинде "Лион" командасынын жеңиши менен аяктады. Беттешке келген күйөрмандар жалгыз голго гана күбө болушту. Аны "Лиондун" оюнчусу Люка Тузар оюндун 31-мүнөтүндө киргизди.

Ошондой эле оюндун биринчи бөлүгүндө "Ювентустун" коргоочусу Де Лигт командалашы Сандро менен сүзүшүп, башынан жаракат алды. Бирок, ага карабай Де Лигт оюнду улантты.

Эки команданын кийинки беттеши 18-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий