• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чемпиондор лигасы: "Ливерпуль" "Портуну", ал эми "Тоттенхэм" "Манчестер Ситини" жеңип алды

Спорт 0

Бишкек. 10.01.9 /Кабар/. Чемпиондор лигасынын ¼ финалынын биринчи оюнунда англиялык "Тоттенхэм" менен "Манчестер Ситинин" биринчи беттешти өттү.

Лондондук "Тоттенхэм" өз талаасында 1:0 эсеби менен менен жеңишке жетти. Эсеп оюндун 78-мүнөтүндө ачылып, оюндагы жалгыз голду Сон Хын Мин киргизди.

Ал эми экинчи беттеште англиялык "Ливерпуль" португалиялык "Портуну" 2:0 эсебин утуп алды.

Бешинчи мүнөттө "Ливерпульдун" жарым коргоочусу Наби Кейта эсепти ачса, чабуулчу Роберто Фирмино 26-мүнөттө экинчи голду киргизди.

Экинчи беттештер 17-апрелде өтөт.

Эске салсак, бүгүн Чемпиондор лигасынын ¼ финалынын башка оюндары өтөт: "Аякс" менен "Ювентус" кездешсе, "Манчестер Юнайтед" менен "Барселона" беттешет.

Пикир

Оставить комментарий