• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чемпиондор Лигасы: "Манчестер Сити" – "Тоттенхэм", "Порту – Ливерпуль" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Чемпиондор Лигасынын алкагында бүгүн 1/4 финалдык жооптуу оюндар болот.

Англиялык "Манчестер Сити" бүгүн "Тоттенхэмди" кабыл алат.

Биринчи оюнда "Тоттенхэм" 1:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Португалиялык "Порту" өз талаасында дагы бир англиялык "Ливерпуль" менен беттешет.

Буга чейинки оюнда "Ливерпуль" 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Аталган беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00 башталат.

Эске салсак, "Барселона" "Манчестер Юнайтедди" 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Ал эми "Аякс" клубу "Ювентусту" 2:1 эсеби менен жеңип, кийинки турга өттү.

Пикир

Оставить комментарий