• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: Мессинин командасы чейрек финалга өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Барселона" менен "ПСЖ" командалары оюн өткөрдү.

Эскерте кетсек, эки команданын алгачкы беттешинде 4:1 эсебинде франциялык команда жеңишти илип кеткен. Жооптук беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Анда Лионель Месси жана Килиан Мбаппе бирден гол киргизди.

Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы 5:2 эсебинде "ПСЖ" утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Ливерпуль" менен "Лейпциг" командалары да ойноп, жалпы 4:0 эсебине англиялык клуб кийинки баскычка өттү.

Пикир

Оставить комментарий