• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "Наполи" клубу "Ливерпуль" командасын 2:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 1-турунун алкагында италиялык "Наполи" клубу англиялык "Ливерпуль" командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.

Беттеш "Сан-Паоло" стадионунда өттү. Оюндун 82-мүнөтүндө "Наполинин" оюнчусу Дрис Мертенс айып соккусун тээп, эсепти ачты. Ал эми, 92-мүнөтүндө кайрадан италиялык клубдун оюнчусу Фернандо Льоренте гол киргизди.

Ошондой эле, "Барселона" клубу "Боруссия" менен оюн өткөрдү. Эки команда канчалык аракет кылса дагы эсеп ачылган жок.

Эскерте кетсек, "Ливерпуль" клубу Чемпиондор лигасынын 2018-19-жылдын сезонунда чемпиону аталган.

Пикир

Оставить комментарий