• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "ПСЖ" клубу "Барселонаны" ири эсепте жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында франциялык "ПСЖ" испаниялык "Барселона" командасы менен оюн өткөрдү.

"Камп Ноу" стадионунда өткөн беттеш 4:1 эсебинде франциялык команданын жеңиши менен аяктады. Оюнда алгачкы голду 11 метр аралыктан айып соккусу менен Лионель Месси киргизди.

Ал эми "ПСЖ" командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе хет-трик (3 гол) жасаганга үлгүрдү. Ошондой эле Мойзе Кин атаандашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Белгилей кетсек, кийинки эки команданын беттеши 11-мартта Францияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий