• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "ПСЖ" клубу мадриддик "Реал" командасын 3:0 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунда франциялык "ПСЖ" мадриддик "Реал" командасын кабыл алды.

Оюн башталбай жатып, тактап айтканда, 14-мүнөтүндө франциялык команданын чабуулчусу Ди Мария эсепти ачты. 33-мүнөтүндө кайрадан Ди Мария Гейенин чыгарган тобун каршылашынын дарбазасына киргизип, эсепти 2:0гө айлантты.

2-бөлүктүн кошулуп берилген убактысында, 91-мүнөтүндө "ПСЖ" командасынын коргоочусу Томас Менье жыйынтыктоочу голду киргизди. Эсеп 3:0.

Белгилей кетсек, "ПСЖ" команданын кийинки оюну 2-октябрда "Галатасарай" менен өтсө, 1-октябрда мадриддик "Реал" "Брюгге" клубу менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий