• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Реал" командасы "Аталантаны" 1:0 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында испаниялык "Реал" командасы италиялык "Аталантаны" утуп алды.

Беттеш 1:0 эсебинде испаниялык команданын жеңиши менен аяктады. Оюнда жалгыз голду "Реалдын" оюнчусу Ферлан Менди киргизди. Ошондой эле "Аталантанын" жарым коргоочусу Ремо Фройлер кызыл айып кагазын алды.

Белгилей кетсек, эки команданын кийинки оюну 17-мартта Мадрид шаарында өтөт.

Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылкы сезондо германиялык "Бавария" командасы чемпион болгон.

Пикир

Оставить комментарий