• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "Тоттенхэм" "Боруссияны" 3:0 эсеби менен жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында англиялык "Тоттенхэм" германиялык "Боруссия Дортмунд" клубун кабыл алып, 3:0 эсеби менен жеңип алды.

Голдорду Сон Хын Мин (47 минута), Ян Вертонген (83 минута) жана Фернандо Льоренте (86 минута) киргизди.

Ал эми голландиялык "Аякс" өз талаасында испаниялык "Реал Мадридке" 1:2 эсеби менен утулуп калды.

Бул оюнда голдорду Карим Бензема (60 минута) жана Марко Асенсио (87 минута) киргизсе, "Аясктын" жалгыз голун Хаким Зиеш (75 минута) киргизди.

Жооптук оюндар 5-март күнү өткөрүлүп, анда 1/4 финалына чыккан командалар аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий