• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чемпиондор лигасы жана Европа лигасынын финалы июндун аягына жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Чемпиондор лигасы жана Европа лигасынын финалдык оюндары июнь айынын аягына жылдырылды. Бул тууралуу испаниялык Marca басылмасы жазат.

Күн мурун УЕФА уюму 55 ассоциациясынын өкүлдөрү менен видео конференция өткөрүп, Чемпиондор лигасынын финалын 27-июнда, Европа лигасынын финалын 24-июнда өткөрүү боюнча чечим кабыл алды.

Буга чейин финалдык оюндар 27 жана 30-майда Стамбул, Гданьске шаарында өтмөк.

Белгилей кетсек, УЕФА 13-мартта Чемпиондор лигасы жана Европа лигасынын оюндарын токтоткон.

Дүйнөдө коронавирус илдетинен 5 миң 529 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий