• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чемпиондор лигасында тайпалык оюндарга катыша турган командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 29.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылынын сезонунда тайпалык оюндарга катыша турган футболдук командалар белгилүү болду.

Быйылкы сезондо биринчиликке ат салышкан командалар:

"Аталанта" (Италия), "Атлетико" (Испания), "Аякс" (Нидерланды), "Бавария", "Байер" (Германия), "Барселона" (Испания), "Бенфика" (Португалия), "Боруссия" (Германия), "Брюгге" (Бельгия), "Валенсия" (Испания), "Галатасарай" (Түркия), "Генк" (Бельгия), "Динамо" (Хорватия), "Зенит" (Россия), "Зальцбург" (Австрия), "Интер" (Италия), "Ливерпуль" (Англия), "Локомотив" (Россия), "Лилль", "Лион" (Франция), "Манчестер Сити" (Англия), "Наполи" (Италия), "Олимпиакос" (Греция), "Пари Сен-Жермен" (Франция), "Лейпциг" (Германия), "Реал" (Испания), "Славия" (Чехия), "Тоттенхэм" (Англия), "Црвена Звезда" (Сербия), "Челси" (Англия), "Шахтер" (Украина), "Ювентус" (Италия).

Тайпалык оюнда ким-ким менен ойной турганы бүгүн, 29-августта чучугулактын негизинде белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий