• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына чыккан клубдар аныкталды, чучугулак 17-декабрда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. УЕФА Чемпиондор лигасынын группалык этаптан ийгиликтүү өтүп, 1/8 финалында ойной турган клубдардын баары аныкталды.

Кийинки этапта ким ким менен ойной турганы 17-декабрда швейцарянын Ньон шаарында өтө турган чучугулак кармашуу аземинде белгилүү болот.

1/8 финалында баарынан Англиялык клубдар көп: "Ливерпул", "Манчестер Сити", "Манчестер Юнайтед" жана "Тоттенхэм".

Мындан тышкары, 1/8 финалында ойной турган командалар: "Боруссия Дортмунд", "Шальке-04", "Бавария" (баары — Германия), "Барселона", "Реал Мадрид" жана "Атлетико" (баары — Испания), "Ювентус", "Рома" (Италия), "Пари Сен-Жермен", "Лион" (Франция), "Порту" (Португалия), "Аякс" (Нидерланды).

Жуптар аныкталгандан кийин, биринчи оюндары 12-13-февралда жана 19/20-февралда өтөт. Жооптук беттештер 5/6-мартта жана 12/13-мартта болот.

Пикир

Оставить комментарий