• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында ойной турган командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында ойной турган командалар белгилүү болду. Бул тууралуу Sportbox сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Бавария" (Германия), "Атлетико" (Испания), "Реал" (Испания), "Боруссия" (Германия), "Манчестер Сити" (Англия), "Порту" (Португалия), "Ливерпуль" (Англия), "Аталанта" (Италия), "Челси" (Англия), "Севилья" (Испания), "Боруссия" Дортмунд (Германия), "Лацио" (Италия), "Ювентус" (Италия), "Барселона" (Испания), "Пари Сен-Жермен" (Франция), " Лейпциг" (Германия) командалары кийинки турга өттү.

14-декабрда чучукулактын негизинде командалар бөлүштүрүлөт. 1/8 финалдын алгачкы оюндары 16, 17, 23 жана 24- февралда өтөөрү пландалууда.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылдагы сезонун германиялык "Бавария" командасы жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий