• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасынын финалына чыккан командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын жооптук беттешинде “Реал” менен “Челси” командалары оюн өткөрдү.

Англиялык команда 2:0 эсебинде “Реалды” утуп, финалга чыкты. Ошондой эле “Манчестер Сити” дагы 2:0 эсебинде “ПСЖны” жеңип финалга өттү.

Мындан улам финалда “Манчестер Сити” менен “Челси” командалары беттешет. Оюн 29-майга белгиленген.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын өткөн жылкы сезонунда германиялык “Бавария” командасы чемпион аталган.

Пикир

Оставить комментарий