• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойной турган командалар белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде төрт команда бири-бири менен оюн өткөрдү.

“Ливерпуль” менен “Реал” 0:0 эсебинде аяктаса, “Манчестер Сити” 2:1 эсебинде “Боруссия” командасын утуп алды. Ал эми алгачкы беттеште “Реал” 3:1 эсебинде “Ливерпулду”, “Манчестер Сити” 2:1 эсебинде “Боруссияны” жеңген.

Мындан улам “Реал” менен “Манчестер Сити” жарым финалга өттү.

Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Реал” клубу “Челси” менен, “ПСЖ” командасы “Манчестер Сити” менен беттешет. Оюн 27-апрелде болот.

Пикир

Оставить комментарий