• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча ишти пландоо методикасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу үчүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин пландоонун жаңы ыкмасы сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы менен белгиленген натыйжалуулуктун башкы көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча ишмердүүлүктү уюштуруу атайын башкаруу объекти катары бөлүнөт.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы менен белгиленген натыйжалуулуктун башкы көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча ишмердүүлүктү уюштурууну» пландаштыруу үчүн Программалык-максаттуу пландаштыруу ыкмасы колдонулат.

Пландаштыруунун бул ыкмасынын оңдуу өзгөчөлүгү келечек абалды жөн гана божомолдоо эмес, каалаган натыйжаларга жетишүүнүн конкреттүү программасын түзүү болуп саналат. Иш-аракеттердин конкреттүү программасы аркылуу ресурстар менен максаттарды бириктирүү зарыл.

Максаттуу көрсөткүчтөр катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бекитилген максаттар жана милдеттер кабыл алынат. Биринчи кезекте бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы, ошондой эле Жогорку Кеңештин алдындагы Премьер-министрдин отчетунун форматы жана 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрү улуттук стратегиясы.

Максаттуу мейкиндик үчүн талдоо жана максаттарды түзүү процедуралары киргизилет. Процесстик мамилеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын ар бир көрсөткүчүнө «Процессти координациялоо» милдетин ишке ашыруучу министрликтер бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий