• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүү боюнча чаралардын алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Анын ичинде болуп өткөн жыйында келерки жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, ошондой эле Бузуулардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө байланыштуу маселелер каралды.

Көрсөтүлгөн маселелерди талкуулоонун алкагында Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан тийиштүү программалык камсыздоонун бет ачары сунушталып, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүктөрүн техникалык жабдуу жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары көрсөтүлгөн реестрлердин иштөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкууланды.

Ошондой эле кошумча «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору каралды. Бул мыйзам долбоорлордун алкагында мамлекеттик органдардын компетенциясын тактоо, ошондой эле орун алган коллизияларды жана кемчилдиктерди жоюу, анын ичинде Кылмыш-жазык кодексин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталууда.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлор өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан соң шашылыш катары Жогорку Кеңешке сунушталат.

Мындан тышкары Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан соттук-укуктук реформадан келип чыккан ченемдерди практикалык имплементациялоого багытталган иш-чаралардын Планын ишке ашыруу жыйынтыктары каралды.

Көрсөтүлгөн Планда ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу каралган 46 иш-чара жана 31 практикалык иш-чара камтылган.

Өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө Планды аткаруунун учурдагы абалы тууралуу отчеттор угулду жана аны жүзөгө ашырууга байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле жыйындын катышуучуларына процесстик бланктардын типтүү үлгүлөрү сунушталды жана эркин жеткиликтүү жайгаштырылган, анын ичинде Юстиция министрлигинин сайтындагы окуу модулдарынын бет ачары болду, алар бардык каалоочуларга кылмыш мыйзамынын новеллаларын аралыктан окууга шарт түзөт.

Кеңешмени жыйынтыктоо менен Координациялык кеңештин төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө чейин 20 күнгө жетпеген убакыт калды, буга байланыштуу бардык даярдык иш-чаралары буга чейин белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында аяктоого тийиш.

Маалымдама: Белгиленген Координациялык кеңештин курамына Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы, Жогорку соттун төрайымы, Башкы прокурор, Коопсуздук кеңешинин катчысы, аткаруу бийлиги органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Өкмөтүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий