• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ченемдик укуктук актыларды талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Кылмыш кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык-аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын мыйзам долбоору каралган.

Мыйзам долбооруна Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын, Жогорку соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилген.

Мисалы, өзгөчө учурда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароону жүзөгө ашырууга уруксат берүү.

Мындан тышкары жоруктун бетинин ачылышын камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укуга бар. Ошол эле учурда сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, өкмөт соттук-укуктук реформаны пландуу түрдө ишке ашырып жатат. Аны иш жүзүнө ашыруу 2019-жылдын 1-январында башталган.

«Учурда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды аткаруу боюнча укук коргоо органдарынын укук колдонуу тажрыйбасына активдүү байкоо жүргүзүлүүдө. Биз оң, ошону менен бирге айрым бир кыйынчылыктарды туудурган маселелерди көрүп турабыз. Бул боюнча айрым ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Жеңиш Разаков белгилегендей, сот-укуктук реформанын алкагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды кодекстерге ылайыктоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, демилгеленип жаткан бардык өзгөртүүлөр адам жана жарандардын укугу, укук коргоо органдарынын практикалык тажрыйбасы, жарандык коомдун эксперттик пикирлери эске алынып, соттук-укуктук реформанын концепциясын сактоого негизделген.

Пикир

Оставить комментарий