• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет элдик лидерлер жана монархтар Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Бир катар чет элдик лидерлер жана монархтар Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттукташты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Швейцариянын президенти Ги Пармелендин куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат: «Швейцария менен Кыргыз Республикасы бардык дипломатиялык деңгээлдерде тыгыз жана конструктивдүү диалогду жүргүзүп жатышат. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди бекем сактоого чечкиндүүлүгүмдү билдирем жана буга чейин эки тарапты кызыктырган тармактарда жетишилген натыйжалар мындан ары дагы чыңдалып, өнүгө берет деп ишенем. Швейцария мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө өнөктөш болуп кала берет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Марокко Королу Мохаммед VI куттуктоосу: «Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Марокко Королдугу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жемиштүү кызматташууга жана жигердүү тилектештикке канааттангандыгымды билдиргим келет. Эки элдин жыргалчылыгы үчүн Сиздер менен ар кайсы чөйрөдөгү байланыштарыбызды чыңдап, аларды кеңейтүү үчүн кызматташууну күтөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бразилия Федеративдик Республикасынын президенти Жаир Болсонарунун куттуктоосу: «Сиздин жооптуу кызматыңызга чоң ийгиликтерди каалайм. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо максатында биргелешип иштөөгө даяр экенимди ишендирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нидерланд Королу Уильям-Александрдын куттуктоосу: «Сиздин ушул кызматта турган мезгилде биздин өлкөлөрдүн ортосундагы конструктивдүү мамилелер биздин элдерибиздин жыргалчылыгы жана гүлдөп-өсүшү үчүн мындан ары дагы өнүгө берет деп ишенемин. Сиздерге акылмандыкты жана алдыдагы маанилүү милдеттерди чечүүдө ийгиликтерди каалаймын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Италиянын президенти Серджо Маттарелланын куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат: «Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле Бишкек шаарынын, бүткүл Борбордук Азия аймагынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин кеңири маанисинде мындан ары дагы бекемдөөгө үмүтүмдү билдиремин», — деп айтылат куттуктоодо.

Польша Республикасынын президенти Анджей Дуда да Садыр Жапаровду куттуктады, анда төмөнкүдөй деп айтылат: «Сизге бакубатчылык жана миссияңызды ишке ашырууга көптөгөн ийгиликтерди каалаймын. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерибиздин мындан аркы ийгиликтүү өнүгүшүнө кызмат кылууда Сиздер менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума кубанычтамын. Польша учурда Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуяларга көңүл буруу менен карайт. Кабыл алынып жаткан иш-аракеттер демократия принциптерине жана мыйзам үстөмдүүлүгүнө дал келет. Кыргыз Республикасы Польшанын жана Европа Бирлигинин туруктуу өнөктөшү бойдон кала берет деп ишенемин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сауд Аравия Королу Салман бин Абдул Азиз Алдын куттуктоосу: «Биздин боордош өлкөлөрдүн өнүгүп жана гүлдөп-өсүшү үчүн эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзө турган бардык алакаларга кызыкдар экенибизди тастыктайбыз», — деп белгиленет куттуктоодо.

Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан ары гүлдөп-өсүнүү каалады.

Сауд Аравия Королдугунун мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдул Азиз Аль Сауд Садыр Жапаровду куттуктап, ийгиликтерди каалаган: «Сизди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланганыңызга байланыштуу өлкөңүзгө жана боордош элибизге мындан ары өнүгүү үчүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жибергениме кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоодо.

Финляндия Республикасынын президенти Саули Ниинистё да Садыр Жапаровду куттуктаган: «Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганыңызга байланыштуу Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине куттуктоо сөздөрүн жолдоймун. Ошондой эле бул жогорку кызматта ийгиликтерди каалаймын. Менин жогорку урматтоомду жана ишенимимди кабыл алыңыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат: «Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан кызматташуу мындан ары да өз ара сый-урматтоонун негизинде өнүгө берет деп ишенемин. Венгрия Өкмөтү биздин өз ара кызматташуубузду тереңдетип жана Түрк Кеңешиндеги биргелешкен иштерди ийгиликтүү уланта бермекчи», — деп белгиленет куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий