• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ж.Жекшеев: Чет элдик паспорттогу “улуту” тилкеси – жөн гана формалдуулук

Коом 0

Бишкек, 25-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жалпы жарандык паспортко “улуту” тилкесин киргизүүнүн негизинде эч кандай таасири жок, жөн гана формалдуулук. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине коомдук ишмер Жыпар Жекшеев бул маселе боюнча айырм активисттердин билдирүүлөрүн түшүндүрүүдө билдирди.

Анын айтымында, оппозициячылар эмнени козгоп чыгаарын билишпей, мындай билдирүүлөрдү жасап жатышат.

“Дүйнөнүн жарымы паспортко өз жарандарынын улутун жазышпайт. Алсак, АКШда мигранттар адбан көп, бирок, паспортторунда жарандыгы гана жазылат. Ошол эле учурда бул америкалыктардын укуктарына эч таасир бербейт. Биз алдыга жылып, өнүгүшүбүз зарыл. Өлкөдө ар бир жарандын укугу корголгон шартта, ал паспортунда кайсы улут жазылгандыгына карабайт. Коңшуларыбызга караганда, биз демократиянын өнүгүшүндө алдыга кеттик. Бул багытта жүрүү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий