• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет элдик жана жергиликтүү туристтер ДКОдо “көк бөрү” үстөл үстүндөгү оюнун сатып алышууда

ДКО 2018 0


Бактуу-Долоноту, 07.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын соода аянтчаларындагы салттуу товарлардын жарманкесинде “көк бөрү” үстөл үстүндөгү оюну өзгөчө буюмдардын катарын толуктоодо.

Ал “Кыргыз эл оюндары” фондунун психологдору тарабынан жакында иштелип чыккан. Аталган уюмдун жетекчиси Чынара Осмоналиева “Кабар” агенттигине жаңы улуттук өндүрүш кандай ийгиликтерге жетишкендигин, кимге кызыктуу болуп жатканы тууралуу айтып берди.

“Оюнубузга жергиликтүү эле эмес чет элдик туристтер дагы кызыгышууда. Алар оюнду эстеликке сатып алышууда. Эрежелер бир нече тилде жазылган. Көк бөрү боюнча федерация биринчи эле күнү өнөктөштөрү үчүн жарым партияны алып кеткен. Оюндарга 500 комплект менен келгенбиз. Учурда 50-60 куту калды”, - деди Осмоналиева.

Маектешүү учурунда туристтер келип, оюндун эрежелерин окуп, сатып алып жатышты.

Пикир

Оставить комментарий