• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет элдик жарандар 1-ноябрдан тарта кичи ажылыкка бара алат

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Сауд Араб Падышалыгынын бийлиги 4-октябрдан баштап умра жана Аль-Харам мечитине баруудагы чектөөлөрдү акырындап алып салуу иши башталарын билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруу жана ыйык Аль-Харам мечитинде намаз окуу үчүн Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрилиги иштеп чыккан мобилдик тиркеме аркылуу каттоодон өтүү керек. Мобилдик тиркеме зыяратчылардын санитардык эрежелерди аткаруусун көзөмөлдөө үчүн иштелип чыккан.

"Каттоодон кийин ага уруксат берилгендиги жөнүндө маалымдама келет. Андан соң жаран автобекетке барып, ал жерден дене табын өлчөтүп, бардык санитардык талаптарды сактагандан кийин автобус менен Аль-Харам мечитине кире турган жерге жеткирилет", - деп билдирет муфтият.

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык министрлиги чектөөлөрдү 4 этапта алып салууну пландаштырууда:

1-этап – 4-октябрдан тарта:

Биринчи этапта Сауд Араб Падышалыгынын жашоочуларына умра кылууга уруксат берилет, бирок күнүнө 6 миң адамдан ашпашы керек.

2-этап – 18-октябрдан тарта:

Экинчи этапта 15 миңге чейинки адамга гана умра кылууга уруксат берилет. Ошондой эле ыйык Аль-Харам мечитинде күнүнө 40 миң адамдын намаз окуусуна жана Набави мечитиндеги Рауза Шарифти зыярат кылууга уруксат берилет.

3-этап – 1-ноябрдан тарта, бирок ал өлкөнүн эпидемиологиялык абалына жараша болот:

Үчүнчү этапта жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларга умра кылууга уруксат берилет. Бирок күнүнө 20 миң адам умра кыла алат. Ошол эле учурда Аль-Харам мечитинде күнүнө 60 миң адамга намаз окуусуна уруксат берилет. Үчүнчү этапта умра кылууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси кийинчерээк ал өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга жараша жарыяланат.

4-этап:

Пандемияны жеңгенден кийин чектөөлөр толугу менен алынат.

Пикир

Оставить комментарий