• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет элдик жаранды тоногонго шектелип төрт жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.19. /Кабар/. Чет элдик жарандын уюлдук телефонун тоногонго шектелип төрт жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Пакистандын 19 жаштагы жараны кайрылып, 12-март күнү төрт белгисиз бала Эл аралык медициналык университетинин жанынан күч колдонуп, баасы 13 миң 900 сомдук телефонун тоноп кеткенин билдирген.

20-март күнү бул кылмышка шектелип 19 жаштагы төрт жигит кармалган.

Учурда, алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, шектелүүчүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий