• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чет элдиктер тарабынан бала асыроо боюнча кылмыш ишин козгоого УКМКдан кимдир бирөө тоскоол болууда - Карамушкина

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кимдир бирөө Чүй облусунун прокурорлоруна чалып, балдар үйлөрүндөгү балдарды чет элдик асыроочуларга сатуу үчүн жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козготпой жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат (КСДП) Ирина Карамушкина билдирди.

Эл өкүлү бул иш боюнча кылмыш ишин козгоо керектигин ырастады.

“Мага УКМКдан кимдир бирөө “чүйлүк” прокурорлорго чалып, кылмыш ишин козготпой жатканы тууралуу маалымат жетүүдө. Маалыматтар жана фактылар турса, эмне үчүн Чүй жатак үйүнүн окуу бөлүгү боюнча башчысын жана кызматтан алышты? Башкы фигуранттар калышкан. Мындан тышкары, Nightland Christian Adoptions лицензиясы эмне үчүн ушуга чейин алынып салына элек?”, - деп нааразы болду ал.

Карамушкина парламенттин спикеринен жана тармактык комитеттердин башчыларынан балдар үйлөрүндөгү жагдайды иликтөө комиссиясын түзүүнү суранды.

“Менин алым жетпей барат”, - деп кошумчалады ал.

Буга чейин Карамушкина Чүй облусунун балдар үйүнүн эки тарбиялануучусун директор чет элдик түгөйлөргө сатуу үчүн Кыргызстандык асыроочулардан жашырып койгонун билдирген. Эл өкүлү бул балдар үйүнүн директору 2018-жылдын 10-январында АКШда болгонун маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий