• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чет өлкөдөн импорттолуп келинген жаныбарлар идентификацияланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

2-окуудагы мыйзам долбоору менен өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов тааныштырды.

Маалыматка ылайык, колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган.

Тагыраак айтканда, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системасы түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда.

Комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун талкуусуз жактырышып, жалпы жыйынга сунуштоо чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий