• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары Консулдук кызматынан өздөрүн кызыктырган маалыматтарды ала алат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары үчүн өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча түз байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Түз байланыш күнү-түнү тынымсыз иштейт. Жарандар каалаган маалда өздөрү каалаган маалыматтарды ала алат», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий