• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чет өлкөгө чыгуу үчүн ПЧР тест керекпи? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Пандемия шартында көптөгөн өлкөлөргө баруу үчүн COVID-19 терс жыйынтыгы тууралуу атайын маалым каттын болуусу милдеттүү шарт болуп саналат, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Маалыматка ылайык, чет өлкөгө чыгууну пландап жатсаңыз өз убагында ПЧР анализ тапшыруу зарыл, ошондой эле айрым авиакомпаниялар самолетко отургузганга чейин тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүүнү талап кылышат.

Ошондой эле, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде чек арадан өтүү үчүн башка мамлекетке кирүүдө милдеттүү талап катары эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат керек, аларды айрымдар «ковиддик» же «эмдөө» паспорттору деп аташат.

"Ушул бардык талаптар жана эрежелер өлкөгө кирүүнүн жана өлкөдө жүрүүнүн ички эрежелери бар болгон кайсы чет мамлекетке бара жаткандыгыңызга жараша болот (милдеттүү ПЧР тестти көрсөтүү, карантиндик чаралар жана COVID-19 коронавирус инфекциясы жайылгандыгына байланыштуу эпимедиологиялык кырдаалга ылайык кирүүгө убактылуу тыюу салуу)", - деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, кайсы бир чет мамлекетке баруу үчүн өлкөдөн чыгууда тиешелүү мамлекетке кирүүнүн жана жүрүүнүн эрежелери менен таанышып алууңуздарды эскертебиз, "эмдөө жөнүндө сертификатты таануу кайсы-бир өлкөгө кирүүгө кепилдик бербейт".

Пикир

Оставить комментарий